Шри Ишопанишад

кыргыз тилинде

Прасад – руханий тамак

“Бхагавад-гитада” Кудай, бхакти-йога, берилүү йогасы методунун баяндамасын корутундулап жатып мындай дейт: “Эмне жасасаң да, эмне тартууласаң жана берсең да, кандай такыбаачылык жасасаң да – муну, о Кунтинин уулу, Мага тартуу катары жаса” (Б.-г., 9.27). Ошол эле жерде Ал айтат, адам Ага тартууланган нерсени гана жеши керек деп. Демек, Кришнага тамак тартуулоо – бхакти-йога системасынын ажырагыс бөлүгү.
Кудай, Ал кабыл алуучу тартуулоонун түрлөрүн да баяндайт: “Эгерде адам Мага жалбырак, гүл, мөмө же сууну сүйүү менен тартууласа, Мен аны кабыл алам” (Б.-г., 9.26). Кришна бул тизмеге атайылап этти, балыкты же жумуртканы кошпойт, ошондуктан Кришнанын берилгени Ага мындай тамактарды тартуулабайт. Кришнага болгон сүйүү менен Анын берилгени Ага жалаң эң мыкты, эң таза тамакты гана тартуулайт. Касапканада өлтүрүлүп, чириген жаныбарлардын эттеринин же тооктун жумурткаларынын буга тиешеси жоктугу өзүнөн өзү эле белгилүү да.
Кришна аң-сезиминде Анын берилгени, Кришнага тамак тартуулоо менен, Ага болгон сүйүүсүн билдирет. Атүгүл кадимки жашоодо деле адам, сүйүү жана жакшы көрүүнүн белгиси катары башка бирөө үчүн тамак даярдайт, жана ал тамактын өзүн эле эмес, андагы сүйүүнү да баалайт. Кришнага тамак тартуулоо да ушул сыяктуу эле – бул процесс бизге, Ага болгон сүйүүнү жана Ага болгон берилүүнү өнүктүрүүгө жардам берет.
Албетте, биз мурда эч качан көрбөгөн нерсебизди сүйүү кыйын, бирок уникалдуу веда жазмалары Кудайдын инсандык белгилерин кенен баяндайт. Дүйнөнүн башка негизги диндеринин Ыйык жазмаларында Кудай жөнүндө Жогорку Ата катары айтылат, бирок Анын инсандыгы тууралуу маалыматтын аздыгы таң калыштуу. Христос өзү жөнүндө Кудайдын баласы катары айткан, Мухаммед Анын элчиси болгон, а анда Кудай Өзү ким? Ал Өзүн кыйын гана көрсөтөт – же асмандагы үн катары, же күйүп жаткан бадал катары ж.б.
Бирок, бизди Кудай жаратканын моюнга алуу менен, Ал Өзү инсандын бардык атрибуттарына – денеге, индивидуалдуулукка, жана ар түрдүү сезимдердин жана мүчөлөрдүн бардык мүмкүнчүлүктөрүнө жана жөндөмдүүлүктөрүнө ээ экендигин логикалык жактан тана албайбыз. Эгерде биз кандайдыр формага жана мүнөзгө ээбиз, а Кудайда булар жок деп жоромолдосок, анда, демек, бул жагынан биз Андан артыгыраак болмокпуз. Бирок Кудайдын жаратуусу өзүнүн Жаратканынан артыгыраак деп ойлоо логикага туура келбейт да. Демек, эгерде биз инсандык сапаттарга ээ болсок, анда, ченемсиз кудуреттүү руханий формага ээ болгону менен инсан боюнча калган Кудай да инсан болуп саналат. Акыр аягында, биз Кудайга кебетелеш жана окшош болуп жаралганыбыз тууралуу айтылат го.
Өзүлөрүнүн элестетүүлөрүнө таянып, адатта батыш сүрөтчүлөрү Кудайды сакалы бар, кудуреттүү карыя катары сүрөттөшөт. Бирок веда адабияттарында Кудайдын сырткы келбети жана инсандык өзгөчөлүктөрү так баяндалган, анын үстүнө байыркы Индиянын жазмалары – бул сыяктуу маалыматтардын бирден бир булагы. А дегенде, Кудай түбөлүк жаш. Мындан сырткары, Ал, атүгүл кутулган жандардын да акылын жана жүрөгүн өзүнө тарткан укмуштуудай сапаттарга ээ. Ал укмуштуудай чечен жана ченемсиз акылман, шайыр жана кечил. Анын үстүнө, Ал Өзүнүн түбөлүк жан жөкөрлөрү менен, кайталангыс трансценденттүү оюндарды көрсөтөт. Ведадагы Жогорку Кудай Инсандын сүйкүмдүү сапаттарынын баяндамасы чексиз. Ошондуктан Аны “Кришна”, же “сүйкүмдүү” деп аташат. Качан биз Кудайдын инсандыгын түшүнгөнүбүздө, бизге Ага оюбузду топтоо бир кыйла жеңил болот, өзгөчө Ага тамак тартуулаганда.
Андыктан Кришна эң жогорку кудуретке ээ жана абсолюттуу руханий болгондуктан, Агы менен тийишкендин баары абсолюттуу таза жана руханий болуп калат. Атүгүл материалдык жаратылыш дүйнөсүндө да кээ бир объекттер тазалоочу жөндөмгө ээ. Ошентип, мисалы, күн өзүнүн кубаттуу нурлары менен, суусу булганган көлдөн таза, жаңы сууну ажыратып ала алат. Эгерде күндө – материалдык объектте – ушундай жөндөм бар болсо, анда биз, миллиондогон күндөрдү эч кандай кыйынчылыксыз эле жараткан Жогорку Кудай Инсандын, Кришнанын тазалоочу күчүн элестете да албайбыз.
Өзүнүн трансценденттүү энергияларынын жардамы менен Кришна материяны духка айландыра алат. Эгерде биз отко темир чыбыкты салсак, анда ал кыска убакыттын ичинде кыпкызыл болуп абдан ысып, оттун бардык негизги сапаттарын өзүнө алат. Ошондой эле тамак да – материалдык субстанция, - эгерде аны Кришнага тартууласак, толук руханий болуп калат. Мындай тамак, санскрит тилинде “Кудайдын ырайымы” дегенди түшүндүргөн прасадга айланат. Бхакти-йогада прасаддын, өтө чоң мааниси бар. Йоганын башка системаларында адам, өзүнүн сезимдеринен жасалма кармануусу керек, а бхакти-йогада ал сезимдерин ар түрдүү канааттануу алып келүүчү, руханий ишмердик менен алектенте алат. Мындай ишмердиктин натыйжасында сезимдер акырындап руханий жандана баштайт, жана аларды, бизге материалдык жашоодогу ырахаттардан алдаганча мыкты болгон руханий жыргал өзүнө тарта баштайт.
Веда адабияттарында прасад жөнүндө жана анын адамга тийгизген таасири тууралуу көптөгөн баяндамалар бар. Кудай Чайтанья, мындан беш жүз жыл мурда Индияга келген, Жогорку Кудайдын аватары, прасад жөнүндө мындай деген: “Мурда бул материалдык тамактардан ар бирибиз ооз тийчүбүз, бирок азыр булар укмуштуудай даамга жана укмуштуудай жыпар жытка ээ болду; даамы мындай турсун, атүгүл булардын жыпар жыты да акылдан адаштырып, адамды башка бардык даамдарды унутууга аргасыз кылат, себеби бул кадимки эле тамакка Кришнанын эриндеринин руханий нектары тийди жана ага Анын бардык руханий сапаттары өтүп калды”.
Эгерде адам, Кудай Кришнага тартууланган тамакты гана жечү болсо, анда бул – эң жогорку деңгээлдеги вегетарианчылык. Акыр аягында, көпчүлүк жаныбарлар, буга кошо көгүчкөндөр жана маймылдар да эт жешпейт, демек вегетарианчылыктын өзү чоң жетишкендик болуп саналбайт. Ведаларда айтылат, адам жашоосунун максаты – жандын Кудай менен болгон баштапкы байланышын калыбына келтирүү, а прасад буга аябай жардам берет.

Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада