Шри Ишопанишад
Кришнага тамакты кантип тартуулоо керек
Жалаң Кришна үчүн арналган, тарелка жана башка ашкана буюмдарынын болгону жакшы. Идеалда бул ашкана буюму жаңы болуусу, жана эч ким эч качан аны колдонбогон болуусу абзел. Качан тамак даяр болгондо, бул өзгөчө тарелкага ар бир тамактан бираздан салса болот. Тартуулоонун эң жөнөкөй ыкмасы – жөн эле айтуу керек: “Кымбаттуу Кришна, суранам, ушул тамакты кабыл ал”. Булардын чыныгы максаты – биздин Кудайга берилгендигибизди жана ыраазылыгыбызды көрсөтүү экенин эстен чыгарбообуз абзел, ошондуктан Кришна үчүн тамакты жасоого өзүңүздүн Ага болгон бүт сүйүүңүздү жумшоого аракет жасаңыз, ошондо Ал сиздин тартууңузду кабыл алат. Кудай бардар. Ага эч нерсенин кереги жок, ошондуктан бул тартуу – биздин Ага болгон сүйүүбүздү жана ыраазылыгыбызды көрсөтүү ыкмасы. Кришнага тамак тартуулап, бир нече мүнөт Харе Кришна мантрасын кайталоо керек: Харе Кришна, Харе Кришна, Кришна Кришна, Харе Харе / Харе Рама, Харе Рама, Рама Рама, Харе Харе. Андан соң, “Кудайдын мээрими” дегенди түшундүргөн прасадды дасторконго койсо болот. Эми, бардык даярдалган тамак Кришнага тартууланган болуп саналат, а Кришнанын тарелкасында турган тамак өзгөчө урматталат жана маха-прасад деп аталат. Ар бир адам, башка тамактардан сырткары маха-прасаддан бир аз болсо да алуусу керек. Прасаддын руханий сапаттарын баалаганга аракет кылыңыз жана ал бизди карманын таасиринен кутултаарын эсте тутуңуз, жана... аны менен ырахаттаныңыз!
Убакыттын өтүшү менен сиз, мүмкүн, Кудайга, Харе Кришна кыймылында, өзүлөрүнүн үйлөрүндө Кришна аң-сезими менен алектенгендер үчүн аныкталган, бардык эрежелер менен тамак тартуулоону каалайсыз. Бул үчүн сизге, Кудай Кришнанын, Кудай Чайтаньянын жана Харе Кришна кыймылынын рухий устазы Шрила Прабхупаданын сүрөттөрү менен жөнөкөй алтарь орноштуруу керек. Тамакты жөнөкөйлөтүлгөн жана толук тартуулоо салтынын айырмасы, ал учурда айтылчу дубаларда да. Бардык эрежелер менен тартуулоодо, төмөндө келтирилген дубалар үч жолу айтылат, андан сырткары тартуулоочу, Кришна үчүн тамак салынган тарелканы койгон алтардын алдына тизе бүгөт.
нама ом вишну-падая
кришна-прештхая бху-тале
шримате бхактиведанта-
свамин ити намине
намас те сарасвате деве
гаура-вани-прачарине
нирвишеша-шуньявади-
пашчатьа-деша-тарине
“Мен өзүмдүн урматымды, Кудай Кришнага өтө кымбат болгон Шри Шримад А.Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупадага жолдойм, анткени Анын лотостуу таманынан таяныч тапкан”.
“О рухий устазым, Сарасвати Госваминин кызматкери, мен урматтоо менен алдыңда тизе бүгөм. Сен Кудай Чайтаньядеванын окуусун ырайымдуулук менен үгүттөйсүң жана имперсонализм жана көңдөйлүк философиясы менен ооруган Батыш өлкөлөрүнө кутулуу алып келесиң”.
намо маха-ваданйайа
кршна-према прадайа те
кршнайа кршна-чаитанья-
намне гаура-твише намах
“О Кудайдын эң ырайымдуу кейиптелүүсү! Сен – Шри Чайтанья Махапрабху катары келген, Кудай Кришнанын так Өзүсүң. Сенин денең, Шримати Радхараниникиндей алтын түстүү, жана Сен Кришнага болгон аруу сүйүүнү берешендик менен таратасың. Мен Сага өзүмдүн урматымды билдирем”.
намо брахманйа-девайа
го-брахмана-хитая ча
джагаддхитайа кришнайа
говиндайа намо намах
“Мен, бархмандардын баары сыйынган, уйлардын жана брахмандардын жакшылык каалоочусу, бүт дүйнөнүн түбөлүк жакшылык кылуучусу Кудай Кришнага өзүмдүн урматымды билдирем. Мен өзүмдүн урматымды Кришна жана Говинда деп аташкан, Кудай Инсанга кайра кайра билдирем”.
Дубалар айтылгандан кийин, тамак Кудай аны жеши үчүн, он-он беш мүнөт алтарда калуусу керек. Бул убактысын берилген жан киртанга арнаса болот.
Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада
- Киришүү
- Кайрылуу
- Биринчи Мантра
- Экинчи Мантра
- Үчүнчү Мантра
- Төртүнчү Мантра
- Бешинчи Мантра
- Алтынчы Мантра
- Жетинчи Мантра
- Сегизинчи Мантра
- Тогузунчу Мантра
- Онунчу Мантра
- Он биринчи мантра
- Он экинчи мантра
- Он үчүнчү мантра
- Он төртүнчү мантра
- Он бешинчи мантра
- Он алтынчы мантра
- Он жетинчи мантра
- Он сегизинчи мантра
- Автор жөнүндө
- Ысымдар жана терминдер сөздүгү
- Бхакти-йога баарыбыз үчүн
- Мантра сүкүтү
- Жапа
- Киртан
- Негизги принциптер
- Прасад – руханий тамак
- Прасадды кантип жасоо керек
- Кришнага тамакты кантип тартуулоо керек